www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Акыйкатчысы жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери КРнын Ички иштер министрлигинин жашы электердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборунда болушту. Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы борбордун жетекчиси Азамат Абдырахманов менен сүйлөштү. Сөз жашы жетек элек балдардын орчундуу көйгөйлөрү жөнүндө болуп, алардын борбордун аймагында болуу себептери, ал жакта туруу жана андан ары калыбына келтирүү шарттары тууралуу болду.

Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунда штаттык тартипте психолог жана врач-терапевт иштейт, күнү-түнү иштеген ашкана, эс алуучу бөлмө, оюн бөлмө, китепкана жана кир жуучу жай бар.

Жашы жете электердин борборунда болуу учурунда ал жактын кызматкерлери балдардын өздүгүн, жашаган жерин тактап, жакындары менен байланышат. Белгилей кетсек, жашы жете элек балдар борбордо 48 сааттан ашык эмес убакытка болушат жана ар бирине тарбия иштери жүргүзүлөт.

Азамат Абдырахманов билдиргендей, аталган борборго балдардын дени сак болуусуна кам көрүү үчүн футбол талаасын курууну, ошондой эле кызматкерлер жашы жете элек балдарга профилактикалык жана психологиялык-колдоо маектерди өткөрүү үчүн ыңгайлашкан кошумча имарат курууну пландаштырууда деп билдирет КР акыйкатчысынын Басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости