www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ЧыңгызАйтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте “Жаштарды тарбиялоодо Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу форум өткөрдү.
Форумдун негизги максаты - заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын элдин калың катмарына жайылтуу жана анын тематикаларынын көп кырдуулугунун аркасында жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакыруу.
Форумдун ачылышындаКыргызпатенттин төрайымы ДинараМолдошева, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, академик Абдылдажан Акматалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетовдоркуттуктоо сөздөрүн айтышты жана форумдун ишине ийгилик каалашты.
Форумдун уюштуруучуларына жана катышуучуларына улуу жазуучунун эжеси Роза Айтматова терең ыраазычылыгын билдирип, залкар инсандын басып өткөн жолу тууралуу кыскача баяндап берди.
Иш-чаранын конокторунун катарын Туркиядан келген КулияЧингил айым толуктап, кыргыз тилинде баяндама жасап, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп берди.
Борборубуздун № 69 мектеп-гимназиясынын окуучулары Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, жазуучунун чыгармаларынын кичинекей каармандары иш-чаранын көркүн ачышты.
Форумдун Пленардык отурумундаКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсүОсмонакун Ибраимов -«Чыңгыз Айтматов – ааламдык жазуучу»; И.Арабаев атындагы КМУнун профессору ИлимканЛайлиева -«Айтматовдун чыгармачылыгы жана орус классикалык адабият»; Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Мехмет Айдын - «Ч. Айтматовдун акыркы чыгармасындагы окуялар өткөн чыныгы жер же ойдон чыгарылган жер маселеси» деген аталыштагы баяндамаларды окушту.
Ошондойэлефорумдунжүрүшүндө төмөнкү багыттарда секциялык иштер жүрдү:
Форумдун алкагында улуу жазуучунун Ата-Бейиттеги эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Андан сырткары, Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмөсү болду. Секцияларда айтылган ойлор түштөн кийинки жалпы жыйында талкууланып, мыкты иштерге Кыргызпатенттин дипломдору жана сертификаттары тапшырылды,анын жыйынтыгы боюнча кошумча резолюция кабыл алынмакчы.
Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү,Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, окумуштуулар, академиктер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттар, жазуучунун туугандары жанабашкалар катышты.
Булак: NazarNews.kg