www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучу Акбар Сагынов өзүнүн кыялдарын жазып чыкты. Мындай кыялдар социалдык тармактарга бир нече жолу жазылган. Тилекке каршы, кыргыз аткаминерлеринин сугалактыгынын айынан мамлекетти бечел кылып, сазга батырды. Анда окурмандарга Акбар мырзанын кыялын сунуш кылалы. Улуу Рамазан айында тилеги орундалсын. 

"Сүйүнчү туугандар! Бишкек шаарында метро курулушу соңуна чыгып,14 станциядан турган биринчи линия ишке берилди. Ал эми экинчи линиясынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бишкек шаарынын четине административдик шаарча курулуп, бардык мамлекеттик-административдик мекемелер көчүрүлдү. Анда иштеген кызматкерлер үчүн атайын 27 кабаттуу кызматтык батирлер салынган. Бул шаарча СНГ мамлекеттеринин арасында эң кооз шаардык ансамбль деп табылды. Бишкек шаары дүйнөдөгү эң кооз 50 шаардын катарына кошулду. Бишкек шаарында бийиктиги 700 метр болгон бизнес-борбору ачылды. Бул имаратты көрүү үчүн сырттан миңдеген туристтер агылып келүүдө. Кут болсун! КРнын Өкмөтүнүн жана Франциялык Рено Групп автомобиль куруучу компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп, Ош шаарында Рено автомобилдерин чыгаруу "Renault-Osh" автозаводу курулуп баштады. КР өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кирип, ИДП өсүшү жогорулап, ар бир жанга эсептегенде 35000долларга жетти.... Эх атаңгөрү, ушундай жаңылык угуп качан кубанат экенбиз десең. Мен ушундай элестетем Кыргызстанымды. Ылайым эле ушундай болсун! Оомийин! Тилек кылалы", деп жазган Акбар Сагынов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости