www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июнда, Чүй облусунун Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркия мамлекетинин Анталия шаарына эс алууга кетишти. Эс алууга кеткен 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды.

«Түрктөр тарап менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгар алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилет.

Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Түркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт», – деди 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости