www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канада

Канадада баланы эркин, ошол эле убакта өтө жоопкерчиликке жана өз алдынчалуулукка  тарбиялашат. Аларда «жок» деген сөз аз колдонулат. Эмне керек болсо, бардыгын  сатып бергендери менен аны кандай максатта колдонгонун ата-эне көзөмөлдөп турат.  Мисалы, 30 күнгө ченелген акча ага жетпей түгөнүп калса, кошумча акча берилбей  тургандыгын балдары жакшы билишет. Негизгиси балдардын жөндөмүнө жана  чыгармачылыгына басым жасашат.

Германия

Германияда баланы эң алгач коргонуу жана коопсуздукка тарбиялашат. Бала төрөлгөндө эле мамлекет тарабынан балага эч ким кол көтөрүүгө, мажбурлоого, кордоого жана кыйкырып урушууга болбой тургандыгы кепилденет. Чыгармачылыгына жана жөндөмүнө карата кичинекей кезинен баштап ар түрдүү ийримдерге беришет. Эгерде ата-энеси жумуштан жетишпей турган болсо, мектептеги баланын коопсуздугуна жооп берүүчү атайын кызмат баланы шаардын ар кайсы дарегиндеги ийримдерге алып барат.

Түркия

Түркияда балага назик мамиле кылышат. Ал эми айрым айыл-кыштактарда жашаган түрктөр балдарын салттагы катуу эрежелерге салып тарбиялашат. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө баланы кароо милдети апасына милдеттендирилген. Ошондуктан коомдук жайлардан энесин ээрчиген балдарды көп кезиктирсе болот. Туулган күндөрдө дагы балага эмес, аны жарык дүйнөгө алып келген энесине белек тапшырышат. Бул апасына чексиз урмат көрсөтүүгө жана кыздардын көп бала төрөөгө умтулушуна түрткү болот деп билишет. Түрк эли жаратылышынан китепке анча жакын эмес. Балага китеп окуп берүү аларда сейрек кездешүүчү көрүнүш.

Япония

Жапондордун бала тарбиялоо философиясы ата-бабасынан бери түптөлгөн өзгөчө ыкмага ээ болгондугу аңыз болуп айтылып келет. Эл көзүнчө жалынып-жалбарып эркелетишпейт. Ымыркай кезинен эле атасынын жана өзүнүн атынан чакырып инсан катары кайрылышат. Буларда табигый иммунитет өтө маанилүү. Кышы-жайы дебей балдар жылаңайлак жүрүүгө жана табигый витаминдерди жегенге, дары-дармек ичпегенге көнүшөт. Укканын эмес, көргөнүн баалашат. Ошондуктан алар коомдук жайларда чоңдордон эч айырмаланышпайт. “Бирөөнү алдаба” деген тарбияны бекем сакташат. Жапондордун түшүнүгүндө алдамчы адам коомдон бөлүнүп ачка калган менен барабар делет. “Өзүңдү самурай көрсөң, бирөөнү да самурай деп бил” дешет. Анткени жапондор иштен же чакырылган жерден калып калсаң, кандай гана шартка туш келгениңе карабай кемсинтүү деп кабыл алышат.

Булак: "lady.kg"

Последние новости