www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестандагы террордук чабуулдардын курмандыктарынын саны 21 адамга жеткенин республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги Telegram-каналында билдирди.

«Дарыгерлер Махачкала менен Дербентте болгон терактта жабыркагандардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Тилекке каршы, бүгүн курман болгондордун саны 21 адамга жетти, алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жай тургундар да бар», – депайтылат билдирүүдө.

23-июнь күнү кечинде белгисиз куралчан адамдар Дагестандын эки шаарына кол салышкан. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында чиркөө менен синагоганы аткыланып, диний жай өрттөнүп кеткен. Андан сырткары, Сергокала айылында полициянын унаасы аткыланган. Кол салуудан чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полиция кызматкерлери көз жумуп, 40тан ашуун киши жаракат алган.

Дагестанда үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланып, окуя боюнча “Теракт” беренеси менен иш козголгон.

Коопсуздук күчтөрү беш согушкерди жок кылган. Алардын өздүктөрү аныкталган.

Дагестандын башчысы Сергей Меликовдун айтымында, кол салгандар республиканын Сергокалинск районунан болушкан.

Последние новости