www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Иран бийлиги зарыл болсо Дагестандагы терактты иликтөөдө Россияга жардам берет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу Руденко РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

“Эгерде ушундай муктаждык жаралса, Ирандагы досторубуз бизге керектүү жардамды көрсөтөт деп ишенем. Ал эми терроризмге каршы чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүлөрүбүз атайын кызматтар аркылуу да, Коопсуздук Кеңеши аркылуу да ийгиликтүү өнүгүп жатат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 23-июнь күнү кечинде белгисиз куралчан адамдар Дагестандын эки шаарына кол салышкан. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында чиркөө менен синагоганы аткыланып, диний жай өрттөнүп кеткен. Андан сырткары, Сергокала айылында полициянын унаасы аткыланган. Кол салуудан 21 киши көз жумду. Алардын арасында чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полиция кызматкерлери жана жай тургундар бар. Ошондой эле 40тан ашуун киши жаракат алган.

Последние новости