www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагы бир аткаминер бюджетке 150 миллион төгүп, абактан чыкты

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан улам Биринчи май райондук соту мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо чарасына алмаштырды.

"КР Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, экс-мэр Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталууда. Ал 28-май күнү УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости