www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинен төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө эки 50 миң сомдон тапшырылган.
"Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп билдирген Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.
Эске салсак, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда катуу жаандан улам сел жүргөн. Сел Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылында бир турак үйдү жана анын ичиндеги жети адамды агызып кеткен. Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында суунун жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы баланы да агызган. Ал эми 3 жашар бөбөктүн сөөгү эки күндөн кийин табылды, 5 жаштагы бала изделүүдө.
Булак: NazarNews.kg