www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөөгү табылган үч кызматкер кырсыктын кесепетин жоюу үчүн окуя болгон жерге барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Жамбыл облусундагы жарылуудан каза болгон дагы үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны учурда 12ге жетти.
"Такталган маалыматтар боюнча, дагы үч кызматкердин сөөгү табылды. Алар жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп жазылат маалыматта.
Жалпы каргашада ӨКМдин 50дөй кызматкери түрдүү жаракаттарды алган.
Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.
Бүгүн Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев ал окуядан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg