www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта, соцтармактарда сакалчан, узун көйнөк кийген эркектердин көбөйгөнүнө кабатырлангандар арбыды. Алар ашкере динчилдер экени жашыруун эмес. Дүйнөлүк алкакта экстремисттик күчтөр баш көтөрүшүп, терроризм коркунучу жайылып аткан чакта, Кыргызстандагы “көзгө суук” көрүнгөндөрдү кантип тартипке чакырабыз? Алар ар кандай улуттардан болушу мүмкүн, бирок алган багыттары, түпкү идеялары бир да.

Андыктан, бийлик арканды алыс ыргытып, дин эркиндигин ашкере жайылтпай, көзөмөлдү тыкыр жүргүзүүсү зарыл. Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда биздегидей сакалчандар, шалбыраган көйнөк кийген эркектер жокко эсе. Бул мамлекеттер улуттук баалуулуктарын даңазалап, динди көзөмөлдөп, саясатка аралаштырбастан тизгинди катуу кагып турушат. Өз элдерин илим, билимге сугарышууда.

Тилекке каршы, бизде кемчиликтер бар. Андыктан, эртең саныбызды чаап, чыканагыбызды тиштеп кала электе, радикалдуу уюмдар менен үргүлөп жаткан террордук күчтөрдүн тамырын кыркып, салттуу диндин нугуна салуу керек. Албетте, бул жагынан заманбап адистердин пикирин угуп, светтик багыттагы жашообузду чыңдашыбыз шарт. А болбосо Афганистанга айланып кетүү коркунучун кантип танабыз? Босогобуз чындап кооптуу жайга айланды го? Мамлекетибизди сактап калалы!

Булак: Азия News гезити

Последние новости