www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, америкалык аскерлер Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясына абадан сокку урду. Натыйжада террордук топтун согушкери каза болгон. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.

"АКШнын куралдуу күчтөрү ИМдин пландоочусуна каршы горизонттон ашык антитеррордук операция жүргүздү. *Нангархар провинциясына учкучсуз абадан сокку урулду. Алдын ала маалыматтар боюнча, террордук топтун мүчөсү жок кылынган... Жарандар арасында жабыркагандар жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Аба соккусу 26-августта Кабул аэропортуна жакын жердеги кол салуудан кийин болгон, анда 13 америкалык аскер набыт болгон. Ошол эле учурда Пентагон учурдагы операциянын террактка тиешеси бар же жок экенин айткан эмес.

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости