www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бир нече айылдын тургундары менен жолугушту. Партиянын Бакай-Ата районунан чыккан талапкери Даир Кенекеев жердештери менен жолугушуп, алардын талаптарын укту.

Айыл тургундары айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, балдардын мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана дыйканчылык маселелерин көтөрүштү.

Даир Кенекеев калктын бир катар суроолоруна жооп берип жатып, «Кыргызстан» партиясынын курамы маселенин түйүнүн чече ала турган тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын билдирди.

«Биз өз жарандарыбызды угуп жатабыз. Биз ар бир жарандын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарабыз», – деди ал.

Ошондой эле Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясы «Эл үчүн» деген программаны сунуш кылып жатканын айтты. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды камсыздай аларын белгиледи. Бул программаны аткарууда партия экономика, социалдык чөйрө, маданият жана билим, жемиштүү эл аралык саясат, адилеттүү сот жана натыйжалуу укук коргоо органдары ж.б. боюнча максаттарды алдыга коюп жатат.

Жергиликтүү аксакалдар «Кыргызстан» партиясына аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдиришип, партиянын программасын колдоп жана парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүнү каалашты.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Последние новости