www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги «Спутник V» деген аталышка ээ болгон коронавируска каршы вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылгандыгын билдирди.
Ага ылайык, жакында анын алгачкы партиясы аймактарга жеткирилет. Министрлик вакцина сапаты боюнча бардык зарыл лабораториялык сыноолордон өткөрүлгөнүн айткан.
Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштерин быйыл октябрда баштоо пландалууда. Бүгүнкү күндө вакцина каттоодон кийинки сыноолордон өткөрүлүп жатат. 40 миң киши катышуусу керек болгон бул сыноолор эки айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.
Коронавируска каршы эң алгачкы орусиялык вакцина каттоодон өтүп, «Спутник V» деген аталышка ээ болгонун президент Владимир Путин 11-августта билдирген. Ага чейин орусиялык фармацевтикалык компаниялар клиникалык сыноонун үчүнчү баскычына чейин вакцинаны каттоого албай турууга чакырышкан. «Дарыгердин маалымдамасы» сервиси жүргүзгөн сурамжылоого катышкан дарыгерлердин жарымынан көбү бул вакцинага ишенбей тургандыктарын билдиришкен.
Вакцина 15-августтан тартып Николай Гамалея атындагы илимий борбордо жана «Биннофарм» компаниясында өндүрүлө баштаган.
Вакцина эки түрдө – улуулар жана балдарга ылайыкташкан варианттарда болот. Балдар үчүн өтө күчтүү эмес, иммунитетине зыян келтирбегендей кылып жасап чыгарын айтышкан.
Азыркы тапта сыноо иретиндеги вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдар гана алып жатканы, бирок препарат жаш балдарга да ылайыкталышы керектиги белгиленди. Ушуга байланыштуу сыноо бүткөндөн кийин вакцинанын жеңилирээк түрүн да иштеп чыгуу күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg