www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 15 миңдей адам чогулду, бир дагы комок талкаланган жок, жыйын арасында музыка коюп, бийлеп дагы коюшту. Бул тууралуу маалыматты белгилүү активист Дайыр Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.  

Ал өз сөзүндө: "Митинг өткөрүүнүн саясий маданияты ушул. Шаар талкаланса, кайра эле шаардыктардын көйгөйү болмок. Рахмат кечээки тынч митингинин катышуучулары!

Урматтуу Бишкек шаарындагы топтолуп жүргөн жарандар, сураныч сиздер дагы талап-тоноочулук менен алектенбеңиздер. Баштап чыккан лидерлер массаңарды таштап салып, кресло талашпай коопсуздугун карабайсыңарбы. Шаарды талап-тоноп, талкалап бүтүшкөнү калды. Бишкегибиз, сүйүктүү борборубузду мындан ары талкалабагыла! Алганыңар, бузганыңар бары бир буюрбайт", - деди Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости