www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда социалдык тармактарда парламенттик шайлоону жокко чыгарууну талап кылып нараазычылык акциясына чыккан элге карата пикирлер айтылууда.
Саясатчы Равшан Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдан чыгуунун эки жолун атады.
Маалыматка ылайык, анын айтымы боюнча, биринчи кезекте парламентти чогултуп, анын жардамы менен укуктук талаага кайтуу керек. Экинчи жол – чоң саясий коалиция түзүү.
“Бирок мен парламент иштеши керек, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн шайлашы керек деп эсептейм. Туура болмок”, – деди Жээнбеков.
Ал ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтө элек депутаттарды чогулууга чакырды.
“Биздин убактыбыз аз. Эгер 3-4 күндө жасабасаңыз, анда кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет», – деди ал.
Булак: NazarNews.kg