www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоодон кийин мамлекетте кайрадан ызы-чуу болушу күтүлүүдө. Мындай маалыматтар тар чөйрөдө кызуу айтыла баштады. Мындай көрүнүшкө журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн пикирин соцтармакка төмөнкүчө жазып чыкты. 

--Миң жолу бириксеңер деле кеч болуп калды. 5-октябрда ниетине жетпей калгандар эми 11-январга камынышууда. Силерге элдин тагдыры, мамлекеттин стабилдүүлүгү оюнчукпу?!

Кыргызстандагы шайлоо - утуп чыгуунун эмес, шайлоонун жыйынтыгын пайдаланып бийликти басып алуу аракети болот. Атаандаштыктын жүрүшү - келишпес душмандардай кайым айтышуу менен жүрөт. Анан кайдагы өнүгүү болмок эле, жапайычылык...

Саясий максаттары, көз караштары дал келбеген, кайнатса кошулбаган кемпир-чалдар, баягылар биригип алышыптыр. Силерден чарчадык, - дейт Дайырбек Орунбеков. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости