www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Орусиянын Тергөө комитети 29-декабрда Алексей Навальныйга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоду.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Навальный бир катар коммерциялык эмес уюмдардын муктаждыктары үчүн 588 миллион рублдан ашык акча чогулткан.
Ал эми тергөө бул каражаттын 356 миллионун жеке максаттарына жумшаган деп эсептейт. Навальный жеке мүлк, материалдык баалуулуктарды алуу, чыгымдарын жабуу, анын ичинде чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн жумшаган деп айтылууда.
Өз кезегинде Навальный Твиттердеги баракчасына бул кадамдын артында Путин турганын айтты.
Я ж сразу сказал: они попытаются посадить меня за то, что я не умер, а потом искал своих убийц. За то, что доказал: за всем стоит лично Путин. Он вор, готовый убивать тех, кто отказывается молчать о его воровстве.https://t.co/ypDzYwnbAd pic.twitter.com/uyjg5XLFEh
— Alexey Navalny (@navalny) December 29, 2020
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg