www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын алтын резерви азайды

Бир ай ичинде Улуттук банктын алтын резерви 1 миллиард 646,6 миллион сомго азайды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Эске салсак, ноябрь айынын башында резервдин көлөмү 83 миллиард 11,1 миллион сомго жетип (рекорд), декабрдын башында 81 миллиард 364,5 миллионго түштү. Бирок себеби айтылган жок.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясы алтындын унцийи (31,1 грамм) 79 долларга арзандап, 1 810,75 долларды түзгөнүн билдирди. Муну дээрлик дүйнөлүк баа деп айтууга болот.

Бул жылы КР Улуттук банкы алтынды көп сатып алды. Мисалы, жыл башында запастын баасы 49 миллиард сомдон азыраак эле.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютасынан жана алтындан турат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости