www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин «клон» партиясы «Кыргызстан» 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо СДПКга «клон» катары түзүлгөн. Анткени, мыйзам боюнча бир партия бардык бийликти монополиялаштырып алууга жол бербейт. Ошондуктан, Атамбаев  «Республика» партиясынан бак таап алдыга умтулуп турган Шакиге «жашыл» жарык берген. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Чуңкурчак жайлоосунда парламенттик шайлоого даярдануу боюнча атайын жыйын өтөт. Жыйындын башында ал кездеги Кыргызстандын «серый  кардиналы» Икрам Илмиянов баш болгон бир топ атка минерлер тагдырды чече турган болот. СДПК добуштун 50 пайызын же 60 депутаттык орун алат деген ишенимде тургандар СДПКга «клон» катары түзүлгөн «Кыргызстан» партиясына ак батасын беришет.

Аты «Кыргызстан» болгону менен  «Кыргызстан» партиясынын башында туруп, түбү уйгур, таятасы кыргыздардын колунда өскөн Шаки жетекчиликке алат. «Кыргызстан» фракциясынын жетекчилигине түбү Тынай болгону менен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Улуттук «Көк бөрү» оюнунун тизгинин тартып, Булат Утемуратовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен казактын «Көкпар» оюнун алдыга чыгарган Канат Исаев келет. Тынайдын мыкты чыкма балдары Атаке, Карабек, Таштанбек, Жантай, Шабдандар казактардан кыргыздын намысын сактап, нечен чабыштарда болгон. Абылай хан кыргызды кырып киргенде Жайыл баатырдын күйөө баласы Атаке биринчилерден колуна кылыч алып басып келген адамдарга каршы чыккан. Бердикожо басып киргенде Таштанбек менене Карабек коргоп калган. Абылай хандын небереси Кененсары колун курап киргенде Жантай Ормон хандын оң колу катары кыргныз үчүн туруштук берген. Шабдан Пишпек ойознойунун жардамчысы болуп турганда казактардын айылын кыргыз болуштуктарына кошуп алган, бирок Совет мамлекети келип ал жерде казактар жашайт экен деп,казактарга кошуп ийген. Ушулар менен тукумдаш келаткан Канат Исаев капчыгынын кызыкчылыгы үчүн «Көк бөрүнү» «Көк пар» үчүн жыгып берген. Балким ал Тынай бийдин калмак аялдарынын тукуму болуп жүрбөсүн?

«Кыргызстан» партиясынан азыркы президенттик ат салышка Канат Исаев,Самат Ибраев сыяктуулар ат салышат. Самат Ибраев спикер Дастан Жумабековдун аппаратын жетектеп жүрүп, кыргыз элинин миллиондорун жеп алып Европага качып Болгариядан кармалган баласын коргойт, башка кимди коргомок эле?

Кожобек Рыспаев СДПКда Илмияновдун көчүгүн жыттап жүрүп, анын иши бүтөр менен «Кыргызстанга» ооп келген. «Көчүк жыттоо боюнча» чемпион!

Алмазбек Баатырбеков 2020-жылы биринчи вице-премьер катары Токтогул суу сактагычында суу төмөндөп баратканын билсе да уруп ойногон эмес, себеби Шакинин классташы катары анын үйүндө дайыма жарык күйүп турат эмеспи?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости