www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. 

Артем Новиков белгилегендей, экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат. 

«Эски принциптер боюнча иш алып баруу – бул алга жылуусуз, бир орунда туруу. Жумушчу топтор аркылуу иштелип чыккан концепциялар Кеңеш тарабынан бекитилген соң ырааттуу ишке ашырылышы керек, бул өз кезегинде экономикада жана социалдык тармактагы натыйжаларга жетишүүгө алып келет», - деди Артем Новиков. 

Кеңештин үчүнчү жыйынынын жүрүшүндө Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору, Жергиликтүү деңгээлде бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин түзүү жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору, Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жана Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү боюнча концепциянын иштелип чыккан долбоорлору  каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору жана Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жактырылды. 

Мындан тышкары, талкуу жыйынтыгын эске алуу менен, калган концепция долбоорлорун 2021-жылдын 12-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында кароо үчүн толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин мүчөлөрүнө жана кеңешменин катышуучуларынын аткарган ишине ыраазычылык билдирип, Кеңеш мындан ары карай да туруктуу өнүгүү маселелерин ар тараптан талкуулоо, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу жана ачык аянтча катары ишин улантаарына ишеним билдирди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости