www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишенип берилген мүлктү менчиктеп максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча орун басары болгон.
"Бишкекасфальтсервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.
Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
А.М.К. аттуу инициалдарга Бишкек мэринин 2019-2020-жылдардагы орун басары Амантуров Мирлан Казылаевич туура келүүдө. Ал "Бишкекасфальтсервис" ишканасында 2007-2019-жылдар аралыгында жетекчи болуп эмгектенген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg