www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бузукулукту, абийирсиздикти жайылтып, аны жаркын өнүгүү катары баалоону сиңирген жат көрүнүштөгү аракеттерге жана иш чараларга жаза берүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш иштеп чыкса жакшы болот эле.

Жакында, Украиналык ди дижей кызды "Ретро Метро" түнкү клубу атайын алып келип, допудай болгон эмчегин салаңдатып коомчулукка чыгарган. Ал уятсыз кызды камакка алып кайра кое беришкен. Абийирсиз, уяттан кеткен ди джей Кыргызстанды "эң артта калган, караңгы өлкө" деп жамандап кетти. Албетте бир сойкунун Кыргызстан жөнүндөгү пикири биз үчүн эч нерсеге татыбайт.

Бирок, ал интернеттеги көп миңдеген окурмандарына Кыргызстан жөнүндө негативдүү ой жарата алат. "Мен чечинип алдым эле",-деп айтпайт. 

Ошодуктан аны алып келген түнкү клубга дагы катуу чара көрүлүшү керек. Байкап жатасыздар, акыркы убакта кыздар виски үчүн "сискисин" көрсөтүп бийлеген окуялар көп катталып жатат. Ал кыздар ким? Менин, сенин карындаштарыбыз. Ошондуктан клубдарга абийирден кеткен көңүл ачууларды чектөө керек. Казакстанда клуб эмес, тойлордо чечинип бийлеп, ал модага айланып жатат. Токтото албай калышты. Биз да алардай болуп калбайлы.

Тиги эки эмчеги допудай, эңкейсе төтөнү сокудай болгон Украиналык ди джей сойку экенин көрдүк. Ошол сыяктуу бузукулар ичибизди аралап кетпөөгө чараны эртерек көрүшүбүз керек.
Абийирден кеткен көңүл ачууну чектей турган мыйзам кабыл алышын колдойсузбу? Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун иштеп чыкса жакшы болмок. Болбосо, биз долбоорду иштеп чыгып сунуштоого даярбыз.

Сүрөттө Бишкектеги "Ретро метро" түнкү клубуна келип чечинген ди джей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости