www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Кыргызда улуу сөз бар, “кыз деген бечара болот. Багына жараша болот. Күйөөсүнө жараша болот” деген. Анан байкуш кыргыз эректери бир аялды бага албаса, айлалары кетип кытайга тийишет. Ал эмес маймылга, аюуга да тийишет. Анткени кыргыз эркектери бага албай калышкан. Биздин эркектер жумуш таба албай, сет өлкөлөп иштеп, аялдарын эмес өздөрүн бага албай калгандары бар. Кытай эли беш миң жылдан бери биз менен тирешип келген эл. Кытайлардын саны аябай көбөйүп кеткен. Аларга биздин акчабыздын кереги жок. Жерибиз, ресурстарыбыз керек.
Ошондуктан алар токтобой келе берет. Бийлик башчылары алдын ала ой жүгүртпөй, “бийликке үч күнбү, беш күнбү, канча отурам белгисиз, андан көрө акча тоноп алып калайын” деген эле адамдар келип калган. Ошондуктан келечекке ой жүгүртүп, стратегиялык чоң пландарды тизмелеп, миграциялык, коопсуздук процесстерди көзөмлдөгөндүн ордуна кытайдын акчасын ала берет, анан кытайлар келе берет. Менин бир таанышым айтат, “азыркыга чейин Кытайдан фигуралардын эң түпкүрүнө коробкаларга эки-үч кытайды салып, үстүнө жүк салып туруп алып келип салат. Алар коробканын ичинде эки-үч күн даарат ушатып жата беришет экен.
Дордойдон жүктүн баары түшкөндөн кийин акырындат ал адамдарды түшүрүп коет экен. Аны бажыканада тургандар деле көрбөйт, ошентип алар агылып келе беришет экен. Бечара кыздарыбыздын баарын ала беришет экен” деп.
Мунун баарына бийлик көзөмөл кылышы керек. Тышкы иштер министрлиги, бажыкана эмне иш кылышат? Беш миң доллар берип койсо кайсы кытай болбосун паспорт алып алат. “Жибек жолу – бир куур, бир жол” алкагындагы долбоор бүт дүйнөнү курчады. Деңиз жолдору, темр жолдору бар. Кытай Европа, Иран өлкөлөрүнө чейин түзмө-түз жолдору салынып атат. Ар бир өлкөдөн өз керектүүлөрүн алуу үчүн дүйнөнүн төрт тарабына жол салып жаткандар бул кытайлар. Алардан өнүккөн Америка да коркот. Азыр илгеркидей Ала-Тоо койнунда жашынып жата беребиз деген заман өткөн.
Ааламдашуу заманында ар нерсени күтсө болот. Кечээ жакында эле 15 күн мурун Тажикстандын 1500 кв/км жерин көз ирмемде Кытай алып, бир сутканын ичинде зым тор менен заматта курчап салышты. Ал жерде жүргөн чала кыргыз, чала тажиктин баарына “кааласаңар өз мамлекетиңерге кеткиле, биз менен кала бергиле дешти.
Кыргыздын кыраакылыгы жок болуп, биздин башчыларыбыздын баары кыргыз элин, жерин, кенчин барымтага берип жаткандай. Азыр биз күрөөканада тургандайбыз. Кытай акчасын берип туруп, биз башыбызды көтөрө албай калганда көргүлүктү көрөбүз.
Булак: "Азия Ньюс"