www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билгениң, билбегениң деле Түркмөндөрдөй болуп калабыз дейсиңер, силерге кайсы түркмөн келип даттанды, жашоосуна нааразы болуп? Алар балким бактылуудур? Жашоосуна ыраазыдыр? Эчки тууй албай жатып, койдун көчүгүнө жармашат болуп, сын такканыбыз Түркмөнстан. Бул тууралуу пикирин Дайырбек Орунбеков жазып чыкты.
Ага кошумча, “Түркмөндөр бири-биринин көчүгүн чукуган, мамлекетин, бийлигин урматтабаган, демократия деген маска кийип алып күндө чыр чыгарган, тартиби жок, бей баш Кыргыздардай болуп калуудан Кудай сактасын дешсе керек. Улам президент кубалап, мамлекет артка кеткенин - "биш баатыр элбиш, демократ элбиш"-деп мактанабыз, ары жоктонуп. Өзбекстанда демократия жок дечү элек, кечээ жакында ошо диктатура орногон Өзбекстандан жалдырап тамак сурап бардык, жардам бер деп. Кокту-колотто жүрүп, анан 100 жылдай Россиянын карамагында жашап, эгемен эл болгону жөн жашай албаган, бирок "бизде демократия бар"-деп мактанган Кыргызстанга кимдер суктанат? Америкалык, чет элдик НПОлордун "Силерде демократия гүлдөп атат"-деген баасына дардалаңдап жыргап жүрө берели», - деп жазат Дайырбек Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg