www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстанда бир эле маселе бар. Ал - Райыбек Матраимов. Өзүнүн кесиби Бажынын төрагасынын орун басары болгон. Учурда "Матраимовду жеңдим" деп, көзүн чекчейте сүйлөгөн Али Токтакунов, 3 жылдан бери бир Райымбек мырзаны беткей каралап келет. Алсак, Бажы тармагын ошол учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын төрагасы Кубанычбек Кулматов башкарып келгени менен төрт орун басардын бири болгон Матраимовду гана күнөөлүү кылып, өзүнүн жогорудагы жакын кишисине чаң жугузбаганга аракет жасайт. Матраимов маселеси азырынча өлкөбүздө тынчый элек...Талаш-тартышуулар уланууда. Бүгүн, журналист Дайырбек Орунбековдун Матраимовдор тууралуу айтканын окурмандарга сунуш кылууну чечтик.
--"Дос эмес тааныштар, айрым “не удачниктер” – Матраимовдордун үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе экенимди белгилеп, тилдеп жазып жүрүшөт. Мен аларды сыйлай турганымды төгүндөгөн эмесмин, жашырбайм дагы. Чоӊ бир компромат таап алгансып “Матраимовдун куйругу” дешет.
Мен алар менен оор күндөрү чогуу жүрүп, жакындан билип калдым. Коронавирус башка өлкөнү каптап жаткан чакта, биздин өлкөдө карантин жарыяланды. Азык-түлүк камсыздай албай калган карапайым элге Исмаил Матраимов фонду гуманитардык жардам таратты. Ошол иш-чарада кол кабыш кылып, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү кыдырып жүрдүм. Күнү-түнү командабыз менен жардам тараттык. Айрым күндөрү бутубузду шилтей албай чарчаган учурлар болду.
Июль айынын аягында чыныгы кайгы каптады. Элдер ооруканага батпай, бейтаптарды колуна көтөрүп, жакындарын аргасыз ажалга алдырган жашоону башыбыздан өткөрдүк. Мен дагы коронавирус менен ооруп, өтө оор абалда 35 күн жаттым. Ушундай оор күндөрү кыргыздын эр-азаматтары жапырт адам өмүрүн сактоого салым кошту. Алардын ар бирин атап, кошкон салымын даӊазалап, күн сайын ыраазычылык айтсак дагы жарашаттыр. Ошолордун катарында Матраимовдордун үй-бүлөсү эӊ чоӊ салым кошту. Өмүргө өтө маанилүү болгон ИВЛ жабдыктарын, экспресс-тесттер, медициналык кийимдер, кислород аппараттарын, тепловизор ж.б тартыш болуп жаткан муктаждыктарды элге белек кылды. Бишкек жана Ош шаарына заманбап шарты менен стационардык оорукана ачып, врачтарды Москвадан алып келип, айлыгын төлөп, бейтаптарды акысыз дарылатып беришти. Пневмония болгондор үчүн көчмө дарыгерлер тобу менен рентген аппараттары айылдарга чейин жетип, акысыз кароодон өткөрдү. Ошол убактарда команданын мүчөсү катары мен дагы аралашып жүрдүм.
Ушундай сооп иштерди кылууда команданын курамында болгонум үчүн өз абийрим алдында өзүмө ыраазымын. Шайлоо убагында “Биримдик” партиясын сүрөп, ал жактан кеттим.
Матраимовдордун үй бүлөсүнө болгон максаттуу каралоонун жыйынтыгы менен, аларды жек көрүп жүргөндөр дагы бар. Бирок алардын эл билбеген, эч ким айтпаган жакшы иштери сансыз көп. Адамдын кадыры, адамдын өмүрү ушул жылы өтө бааланды. Тирүүлүктүн баасы өтө кымбат экенин түшүндүк. Ошол күндөрү адам өмүрүн баалаган жалпы кайрымдуу адамдарга, дарыгерлерге, ыктыярчыларга барына таазим этем. Эбегейсиз салым кошуп, ажал оозунан бейтаптарды арачалап калган жакшы адамдарга рахмат айтам! Искендер аке, Райымбек аке, Ислам аке сиздерге дагы оор күндөрү элге берген жардам үчүн рахмат айтам. Анан, айрым дос эместер, мен ким менен жакшы мамиледе болом, кимди колдойм, аны өзүм чечем.
Мен адамдын кадырын билем, мен адамга оор күндө туруп беришти билем, мага десе атып таштасаңар да менин мүнөзүм, турмуштук баалуулугум ушундай. Дагы көп сөздөр бар...Матраимовдор менен аябай жакшымын, жакшы бойдон калам. Башка сурооңор жокпу?", - деп жазды Дайырбек Орунбеков.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg