www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын супермаркеттери жаңы мөмө-жемиштерди башка өлкөлөрдөн учак менен алып келе баштады. Супермаркеттер жана камсыздоочулар жакынкы күндөрү падышалыкта жетишсиздик болот деп кооптонушат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Бул көйгөй Британияда коронавирустун жаңы түрү жайылгандан кийин Франция менен чек аралардын жабылышынан улам келип чыккандыгы белгиленди. Эки өлкөнүн чек арасында продукция Британияга өткөрүлүп берилген эмес. Адистердин айтымында, алар январь айына чейин өткөрүлбөйт. Басылманын маалыматына караганда, Британиядагы супермаркеттердин бири (аты-жөнү жашырылган) буга чейин Испаниядан жана Африканын түндүгүнөн аба менен мөмө-жемиш алып келе баштаган.

Кечээ, 23-декабрда Lufthansa Франкфурттан 80 тонна азык-түлүк алып келди. Аларга жашылчалар, помидор, түстүү капуста, брокколи, салат, кулпунай жана цитрус жемиштери кирди. Өнүмдөр бир нече тармактын, анын ичинде Tesco, Aldi жана Sainsbury's компанияларынын талабы боюнча сатылат.

Басылманын маалыматына караганда, Улуу Британиянын дагы бир катар авиакомпаниялары чет өлкөлөрдөн продукция импорттоп жатышат. Буга чейин коронавирустун жаңы түрү Улуу Британияда сентябрь айында пайда болуп, ноябрдын ортосунда жигердүү жайыла баштаганын кабарлаганбыз.

Андан соң Британ өкмөтү жаңы чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Көрүлгөн чаралардын фонунда лондондуктар шаардан чыгууга аракет кылып, темир жол бекеттерине чогулушту. Коронавирустун жаңы түрүнөн чочулап, бир нече өлкө Улуу Британияга учууну убактылуу токтотту.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак:NazarNews.kg

Последние новости