www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эй, чык, чыгып кет!",-деген орой кишини кээ бирөөлөр мактап жатат. Мен аларга кошулбайм. Уяткаруунун маданияттуу жолу көп. Ал адамдын маданият, деңгээли жана тарбиясына жараша. Эми, жанагы кызматкер чоң эле киши экен. Анын үй бүлөөсү, кызы, уулу, аялы, ата-эне, бир туугандары, куда сөөк сыйлашкандары бар. Ошолордун алдында шагын сындырды, ынгайсыз абалга калтырды. Келечекте президент болчу кишини карап көргүлөчү, ачуусунан көздөрү ойноп, улам кайталап кекетти.
Эгер, Жээнбеков жетектеген өкмөт укмуш болуп, ошол чиновник эле артка тартып атса, анда сооп болот дейт элек. Столду чапкылагандан башканы билбеген өктөм үндүү Өкмөт башчы өзү эмнени кыйратты? Ал болгону өкмөт башчы, өкмөттүн кожоюну эмес. Кызматкерлер анын кулу же баласы эмес, кууп чыгып кекетип мокоткудай. Сылык түрдө жарга такап, уяткаруу маданиятын билбесе Мыктыбек Абдылдаев агабыздан үйрөнүп алсын. Бүгүн, өкмөт башчы орой, кыска ойлуу, маданиятсыз, башканы сыйлай албаган адам экенин көрсөтүптүр.
Бизге келечекте ушундай маданиятсыз стол чапкылагыч президент керекпи?.. Мен, маданияттуу, сөзү салмактуу, улуттун духун көтөргөн, элди ээрчитип кете турган, сүрү бар, бирок сылык адамды көргүм келет...
Дайырбек Орунбеков, NazarNew.kg