www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамга ылайык, үгүт иштери башталганга чейин ЖКМларда кайсы бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берген, талапкерлер арасындагы тең салмактуулукту бузган макала жарыяланбашы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү жаткан жарандарга, саясий партияларга жана ЖМКларга кайрылып, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштабай турууга чакырат.

"Учурда президенттикке талапкерлерди каттоо иштери жүрүп жатат. Бирок буга карабай кээ бир жарандардын жана саясий партиялардын ЖМКларга жарыялап жаткан материалдарында үгүттөөнүн белгилери байкалып турат. Эскерте кетсек, үгүт материалдарын жарыялоого талапкерлердин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана уруксат берилет. Тагыраагы 2017-жылдын 10-сентябрынан тарта 14-октябрына чейин", — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык, үгүт иштери башталганга чейин ЖКМларда кайсы бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берген, талапкерлер арасындагы тең салмактуулукту бузган макала жарыяланбашы керек.

Жогоруда айтылган эрежелерди бузган талапкерлер жана ЖМКлар мыйзам чегинде жоопко тартылат. БШКнын үгүт иштерин жүргүзүү тартибинин сакталышын көзөмөлдөөчү тобу ЖМКларга мониторинг жүргүзүп турмакчы. Булак: "Sputnik"

Последние новости