www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө ишинде күбө өткөн Модин Маевскийди Текебаев менен жолугуштуруп, пара бергемин деп айткан экен. Ошол пара берген, Текебаев менен жолугушкан кабинетти көрсөт десе, 2010-жылы Алмазбек Атамбаев отурган кабинетти түз эле барып көрсөтүп атат. Көнгөн буттар басып кетиптир өзү эле. Актерду театрдан алышса болмок эй. - деген чымчымай кыстырмасын Дайырбек Орунбеков жазып чыкты. 

Маевскийдин досу, бийликтин Текебаевге жалаа жабуу боюнча кадырлуу күбөсү Модиндин сотто сүйлөгөн сөздөрүн эске сала кетсек болот.

Ө. Текебаев жана Д. Чотоновдорун үстүнөн жүрүп жаткан соттук процессте бийликтин кадырлуу адамы Л.Маевскийдин досу А. Модин көргөзмө берип жатып:
Л.Маевский 2010- жылы Убактылуу Өкмөттүн 1- орун басары А. Атамбаев чет өлкөдө жолукан болсо . Мына ушунун өзү эле Атамбаев өзүнүн таанышы аркылуу Текебаевдин үстүнөн жалаа жаптырып жатат дегенди билдирбейби?

21- декабрда Кыргызстанда эмес, Москвада болгон Модинге:
Кантип ошол эле күнү Текебаевдин кабинетинде ага жолугуп, Мегаком  маселеси боюнча сүйлөштүм деп жатасың деген суроого.
" Мени Ө. Абдырахманов ошондо көргөн да "- деген жооптон башка сөз айталбады.
Ал эми Текебаев боюнча тергөө материалдарына УКМК тарабынан Модин 2010- жылы 21- декабрда Бишкекте эмес экендигин тастыктаган документтер бар. Ага Модинге акыл үйрөтүп, сүйлөтүп жатышкандар карап да коюшкан эмес. Ошентип,бийликтин калпы калкып чыга баштады.

Адвокаттар А. Модинге:
Эмне үчүн башында айткан сөздөрүңүз менен азыр айткан сөздөрүңүз эки ача чыгууда?
Көрсөтмөңүздү беш жолу оңдоп жазганыңызга эмне түрткү болууда? - деген суроолорду беришкенде Молинас:
Мен башында "спонтанно" эле сүйлөп койгом деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости