www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалкоолукту жеңем десеңиз

Жалкоолук - максаттарга жетүүгө тоскоол болгон негизги нерсе. Муну жакшы жашоого болгон аракеттин жоктугу деп атоо туура болот. "Эгер жалкоо болуп баратсаңыз, анда максаттарыңыз жок же өз тилегиңизге жетүү үчүн каалооңуз аз болуп жатат"- деген кепти угуп эле жүрсөңүз керек.? Ооба, жалкоолукту жеңүү үчүн эң алгач максат болушу керек. Ал бар болуп гана тим болбой, ага жетүү үчүн сиз аракеттенип турууңуз зарыл. Мындайча айтканда, максатыңызга жетүүнү сиз өтө эмоционалдуу деңгээлде, бир орунда тура албай тыбырчылап каалашыңыз керек. Ошол чыныгы максаттуу жашоо!
 

Психологдордун айтымында, жалкоолуктан кутулуу үчүн эң жагымдуу нерселерди кыялдануу керек. Адамзаттын өмүрү мүнөт сайын кыскарып турат, бул дүйнөнүн маңызы – максат кылууда. Башка көйгөйлөрдү, мамилелерди четке сүрүңүз. Көңүлүңүз ооруп калган абалдан чыгып, максатыңызды дароо жаңылаңыз.

Албетте, ар бир адамдын кулк мүнөзү ар башка. Ошентсе да болжолдуу түрдө жалкоолуктан кутулуунун 9 шартын сунуштап көрөлү.
 

1. Өзүңүзгө көзөмөлдү катуулатыңыз


Пландарыңызды тактап алган соң, өзүңүзгө болгон көзөмөлдү күчөткөнүңүз туура. Өзүңүздөн чыныгы өзгөрүүнү көрүшүңүз зарыл. Жасачу иштердин тизмеси болгону да жакшы. Аткарылган жумуштарды атайын белги менен белгилеп, майда-чүйдө аткарылбай калган иштерди да “аткарылды” деп белгилеп салуудан алыс болуңуз.
 

2. Жаңы идеяларды ойлоп табууга аракет кылыңыз


Кээде жаңы идеялар умтулууну нөлдөн баштап так чокуга чейин жогорулатат. Канчалык көп идея издесеңиз, сиз ошончолук максаттарыңыздын ишке ашуусуна жол табасыз.
 

3. Жыйынтыктар үчүн өзүңүздү сыйлаганды унутпаңыз


“Ишиңди жаса да, кеңири эс ал” – демекчи, өзүңүздү дем алуу менен гана сыйлап койбой ар кандай белектер менен кубантыңыз. Бирок бир гана талап менен: белектер мыкты жыйынтык үчүн гана берилиши керек. Эч качан өзүңүздү “буюрса болот да” деп алдабаңыз.
 

4. Сизге коркунучтуу болгон нерсени атайын жасап көрүңүз


Мисалы, эрте менен саат 6 да турам деп өзүңүзгө шарт коюңуз. Капыстан кеч туруп калчу болсоңуз анда өзүңүзгө айып пул салыңыз да аны жакын адамдарыңызга берип туруңуз. Бирөөгө өтө кымбат баадагы белек алып берип коюңуз. Капчыгыңыз үчүн оңойго турбаса да мейли. Бирок, бул абал сизди умтулууга жетелейт жана акча табууга каалооңуз бекемделе баштайт. Же болбосо бирөөгө карызга акча бериңиз. Жардамга чынында муктаж болуп турган адамга да кайрылышыңыз. Мындайча айтканда мурда чоочулап жүргөн нерсени жасай билүү чоң жыйынтык берет.
 

5. Өтмүшүңүзгө көз салыңыз


Мектепти аяктап, ЖОЖго тапшырарда кандай аракет кылган элеңиз? Жумушта кесиптештериңизге уят болбоо үчүн эмнелерди жасачусуз? Өтмүшүңүздө жыйынтыктарга жетишкендигиңизге көзүңүз жеттиби? Сиз аны дагы деле жасай аласыз!
 

6. Компьютер же телефонуңуздагы негизги сүрөттү туура тандаңыз



Ал сүрөттөр сиздин кайсы максат менен баратканыңызды түшүндүрүп, эске салып турсун. Көп акча табууну кааласаңыз акчанын же болбосо түрдүү схемалардын сүрөтүн коюп алыңыз. Ал эми акыл менен ойлоонууну талап кылган сүрөттөр сиздин ой-жүгүртүүңүздү улам жаңылап турат.
 

7. Ар дайым туура суроо бериңиз


Көңүлүңү чөгүп турган учурда, өзүңүзгө суроо берип баштаңыз. Негизи ар дайым өзүңүздү соттоп, сурак кылып турганыңыз жакшы. “Мен муну кылсам жыйынтыгы эмне болот?”, “кылбасамчы?”. Жооптор сизди тынч койбошу анык.
 

8. Ар дайым өзүңүзгө “муну ким үчүн, эмне үчүн кылып жатам?” деп эскертип туруңуз


Кайсы бир жыйынтыкка жетүү менен өзүңүзгө “муну ким үчүн, эмне үчүн жасап жүрөм?” деп эскертип туруңуз. Эмне үчүн акча таап жатасыз, эмне үчүн арыктагыңыз келди эле? Негизги себепти дайыма тааный билиңиз. 

Гүлжан Эшбаева. Эркиндик

Булак: "kg.insan"

Последние новости