www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жозеф Байдендин Түндүк Ирландияга барып, бирок Карл IIIнүн коронациясына катышпай коюшун Улуу Британияда "далыга бычак сайгандык" деп аташканын "Известия" Express. басылмасына шилтеме берип жазды.

Европалык изилдөө тобундагы (EGR) маалымат булагы Байдендин Лондонго болгон бул мамилесин парламенттин Консерваторлор партиясынын мүчөлөрү тоготпостук деп жатканын айтышты. Алар Украина боюнча АКШ менен Улуу Британиянын биргелешкен иш-аракетинен кийин мындай нерсе туура эмес деген тейде реакция кылышкан.

Басылманын маалыматына караганда, консерватор депутат Дэвид Жонс Америка лидеринин Түндүк Ирландияга жасаган сапары, аны Белфаст макулдашуусу кабыл алынган датанын алдында жасаганы "кайра шайлануу келечегин жаратат" деп боолгологон. Анткен менен жогорудагы изилдөө тобундагы маалымат булагы Байден мындай чечимди ички саясий абалды карап туруп, андан соң кабыл алган деген ишенимде экендигин айткан.

Буга чейин АКШ президентинин 11-14-апрелде Түндүк Ирландияга барып 25 жыл мурда түзүлгөн келишимден кийинки прогрессти талкуулай турганы кабарланган эле. Мамлекеттин башчысы аны менен катар эле Англиянын премьер-минстри Риши Сунак менен эки тараптуу ишенимдүү мамилелер боюнча сүйлөшмөкчү болгон. Түндүк Ирландиянын полициясы сапардын учурунда теракт кооптуулугу жараларын билдирген.

Ак үй 5-апрелде Карл IIIнүн май айында боло турган коронациясына АКШ атынан биринчи айым Жилл Байден барарын кабарлап, президент ден соолугунан улам бул салтанатка катыша албастыгын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости