www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Дамир мырза, Жалил Атамбаев менен Нургазы Айдаровдун өзбек кримтөбөлү делген Салимбай “байбатча”менен жолугуп, аны “Кыргыздын тиреги. Салимбай аке бар, кыргыз эли бар” деп мактаган видеосу чыгып, коомчулукту дүрбөлөң кылып ийгенин көрдүңүз да. Эки жагымпоздун “Байбатча” менен жолуккан сүрөттөрүндө сиз, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, “Кыргызстан” партиясынын кожоюну делген Шаршенбек Абдыкеримов да жүрөт. “Салимбай-чайканачы” менен качан жолуктуңуз эле?

— Бул сүрөт тууралуу айтсам, 2014-жылы Өзбекстандын Ташкент калаасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн. Салимбай Абдивалиевич деп жатпайсыңбы. Ал киши Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти. Андан тышкары Олимпиада комитетинин вице-президенти болот. Өзүңүз билесиз, мен дагы күрөш боюнча Азия федерациясынын вице-президенти болом. Биз менен Кыргызстандын Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Шайлообекович Абдыкеримов ал дагы сүрөттө турат. Бул күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка баргандагы 2014-жылы түшкөн сүрөт. Бизден тышкары ал жакта 200дөн ашык мамлекет катышкан. Ошол мамлекеттердин спортту колдогон бүт меценаттары, күрөш боюнча федерацияларынын, улуттук олимпиада комитеттеринин президенттери катышкан. Ошол кездеги сүрөттү кечээги сүрөткө кошуп коюшуптур.

— Демек, монтаждаган экен да…

— Монтаждап туруп, алдыдагы видео роликке кошуп салышыптыр. Негизи сүрөткө түшкөнбүз. Бул киши өзү спорттун меценаты. Биздин спортсмендер машыгышып сборлорго барып жүрүшөт. Спорт жагынан таанышпыз. Шаршенбек Абдыкеримов экөөбүздүн сүрөтүбүздү тигил жакка учкаштырып коюшуптур да.

— Анан тиги видеодо “Салимбай бар, кыргыз бар” деген сөздөр жүрбөйбү…

— Ал сөздөрдү башка роликтен кошуп коюшуптур. Андыктан мен ага комментарий бере албайм. Андай сөздөр айтылган жерде болгон эмесмин. Биздин сүрөтүбүз 2014-жылы түшкөн сүрөт. Ал эми берки сүрөттөр менен видеого комментарий бере албайм. Биздин сүрөттө беш киши түшкөн. Сиз айтып жаткан адамдар кимдер менен барганын, кайсыл жылы сиз айтып жаткан сөздү айтканын билбейм.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости