www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков бутун чечиши керек эле...

"Башталат бары майдадан, байкабайт аны майда адам",-деген сөз бекеринен эмес. Айрымдар, "Сапар Исаков бутун чечпей кирсе эмне болуптур, ошо майда нерсеге да көңүл бурасыңарбы?",-деп жазып жатат. Жок, жарандарым, бул өтө чоң маани бере турган нерсе. 
Ал бир нече жолу карапайым адамдын төрүнө бутун чечпей тебелеп киргени - кыргыз салтынан алыс, кыргыз дүйнөсүнөн оолак, кыргызча тарбиясы жок, текебер, кедейдин үйүнөн жийиркенген, өзүн жогору баалаган адам экенин көрсөттү. Ал ойлошу мүмкүн, бутумдагы ботинкам бул кедейдин үйүнө салынган килемден таза деп. Бирок, эл анын буту таза экенине карабайт. Мындай текебердик менен сыйдан ажырайт. Дагы байкаганым, Сапар Исаковдун дарегине көп сындар, наалаттар айтылып баштаганда эле кедей кембагалдын үйүнө кирип же жаш баланын башын сылаган сүрөтүн чыгара калат. Ушундай куру мээримдүү, популисттик ыкма менен пиар кылууну максат кылат. Жанындагы кеңешчилери, пиар технологдору алсыз. Мурдарак, ал бир жаш баланын башын сылаган сүрөтү көп позитив жараткан. Эми жанагы ар кайсы чет өлкөдөн билим алып келип, өзгөчө ой жүгүрткөн 11 штук кеңешчиси "карапайым элдин үйүнө кирип, фотосессия кыл" деп кеңеш айтса керек. Бул жолкусу кайра элдин кыжырын кайнатты. 
Кимдир бирөө үйүнүн төрүн аздектеп, азиз мейман келсе барктап отургузам деген орунга бутчан кирип барып, анда дагы отургучка кааргадай болуп отуруп алганы өтө жагымсыз.
Айтайын дегеним, кыргыз дүйнөсүнөн, нарк насилинен алыс адам - Кыргызстандын тагдырын жакшы нукка бура албайт.

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости