www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додонду туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы достук мамилелерге кошкон баа жеткис салымыңызды белгилеп кетким келет. Эки тараптуу негизде дагы, Евразиялык экономикалык бирикменин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен да  кыргыз-молдова мамилелеринин ар тараптуу бекемделишине кызыкдар экенибизди билдирем», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Игорь Додонго бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми Молдованын дос элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости