www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү актриса Мерьем Узерли жаңы түрк сериалына тартылмакчы. Бул тууралуу rusturkey билдирди.

Маалыматка ылайык, актриса Стамбулда продюсерлер менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Маалым болгондой, Мерьемге өткөн күздө эле бир нече рольдор сунушталган. Бирок, ал ценарийлер менен таанышып чыгып, жооп бергүүгө шашылган эмес. Жакынкы аптада актриса сүйлөшүүлөрдөн кийин акыркы чечимин кабыл алат.

Актриса талкуулаган долбоорлорду атаган эмес. Бирок, ал өзүнүн күйөрмандарын жаңы телесезондо түрк сериалынан көрө ала турушканын айтты.

Эске сала кетсек, Мерьем Узерлинин актердук карьерасы 5 жашынан эле башталган. Ал биринчи жолу эл алдына жаштар театрында чыккан. Ал Бүткүл дүйнөгө түрк “Даңазалуу доор” сериалында аткарган ролу менен таанылган. Немец-түрк актрисасын баарыдыгы жылуу кабыл алышып, Түрцияда Мерьем ошол замат сулуулуктун эталону деп аталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости