www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш жеңилди. Эми жоопко тартылабы?

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына байланыштуу делип кызматтан алынды. Ал бул кызматка 2018-жылы дайындалган. Бир жума мурда ал иштеген вице-премьер-министрдин ыйгарым укуктарынан инвестиция, экономика жана ЕАЭБ ишмердиги боюнча жоопкерчиликтер алынган. Разаков бул кызматта иштеген учурда көптөгөн катуу сындардан башы чыккан жок. Эл ага өзгөчө чек ара маселеси боюнча нааразы болуп келет. Разаков кызмат абалынан пайдаланыппы, айтор ал ортодо бир катар гезиттерди, генерал Курсан Асановду да сотко берди. Өзүнүн ишин тыкыр иликтеп койсо далай эле былыктары чыкмак. Кыскасы, мамлекеттик жооптуу кызматта өзүн көрсөтө албай, деңгээли ченелүү экенин иш жүзүндө аныктап койду. Ошондой болсо да бул адам бийликтин билермандарына жакын эмеспи. Жоопко тартылуу маселеси четке сүрүлүп, башка бир бакыйган кызматка барып деле калышы мүмкүн. Себеби, биздин бийликтен баарын күтсө болот. Бийликке тазалар, чыгаандар эмес, кошоматчы, чала билимдүү, "крышасы" бар жана байлар келип жатпайбы. Иттике десе...

Булак: Багыт.kg

Последние новости