www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошол илгери деген ар-бирибиздин атуулдук сезимибизди козгогон окуяларыбыз, каармандарыбыз болчу. Ошолор бизге кадимкидей дем берип турчу. Аларды биз эч нерсеге аралаштырчу эмеспиз, көр оокатка да, акчага да, түркүн даам менен мыкты кийимге да! Атаңдын кана көрү де, Кошой менен Бакайдын акылын угуп, Манас, Алмамбет, Чубак менен жоо сайчыбыз да! Каармандарыбыз аябай көп болчу: бүтүндөй кыргыз эпосторундагы баатырлар, анан кыргыз жомокторундагы баатырлар, дагы кыргыз, орус жазуучуларынын каармандары, чет элдикинен... Мына момундай жоон топ баатырлардын, эч нер-седен тайманбаган жигиттердин, айдай сулуу кыздардын... аттары көкүрөктөң дапдаяр эле оозубуз-га келип турчу... Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, Эр Төштүк, Кыз Сайкал, Курманбек, Эр Табылды, Айканыш... Автандил, Тариэл, Фридон, Нестан Дарежан, Тинатин, Акылдуу бала, Куйручук, Курман, Бекназар, Чапаев, Котовский, Павел Корчагин, Чкалов, Зоя Космодемьянская, Олег Кошевой, Сережа Тюленин, Уля Шевцова, Мересьев, Иван Земнухов... жок, баарын кайдан тизмелеп бүтмөкпүз?! Алар сансыз болчу. Ал каармандарыбыз кыргыз, орус, грузин, өзбек, украин, ж.б. улуттардын өкүлдөрү эле. Каармандарыбыз улутка бөлүнүп каралчу эмес! Ошолордун ар бири көкүрөккө дем берип, кандайдыр бир эрдикти жасоого, бирөөнө жакшылык кылып жиберүүгө түртүп турчу да! Биз 3-4-класстарда окуп жүргөндө Россиянын Ыраакы Чыгыштагы Тынч океан жээгинен портто байлоодо турган баржанын троссу үзүлүп кетип, деңизге калкып кеткен. Баржада мотор жок болот да, башкаруусуз калкып калган ошол баржада төрт матрос болгон, алардын старшинасы Талгат Зиганшин деген татар болгон. Баарын жатка билчү элек, андан бери алтымыш жылдай өтүптүр, унуттук да! Мына ошол төрт матрос же суусу жок, тамагы жок. Жанталашып өтүктөрүн солидолго кууруп жеген абалга да жетишкен! Иши кылып 49 күн бою көрбөгөн азапты көрүп өлө турган болгондо чет элдик моряктар таап алган. Мына ошол төртөө жөнүндө ырлар чыкты, чыгармалар жазылды, кино да тартылса керек эле... Мына ошол окуя менен, төрт матрос менен кошо жашаганбыз, тим эле жаныбызды бергибиз келчү, бирок кантип берерди билчү эмеспиз! "Төрт баатыр" деген ыр чыккан, ошону ырдачубуз. Ошондой сонун, бейпил турмуш өткөн тура. Кайран гана ыйык кез?! Келбес жакка кетип бербедиңби, кайрылгыс?! Ушул азыр өлүп-житип жаткан менен эч кимдин иши жок?! Күйүп-бышкан жан жок! Акча табылса - ошол эсеп! Ошол кездин балдары, бүтүндөй адамдары ошол абалда жашачыбыз. Сонун кез экен бир! "Коррупционер" деген желмогуз болорун кайдан угуппуз, түшкө кирди бекен?! Эми болсо, иштин баары "өлдү" деп койсо болот ко?! Адам баласы бузулса "шыр" кетет экен! Баскан-турганы да, сүйлөгөнү да, бири-бири менен болгон мамилеси да, тууганчылык катышы да... тамак жегени да, кийингени да... сүйүүсү менен күйүүсү да... кызматка болгон мамилеси, анан эң негизгиси акчага болгон мамилеси түп орду менен өзгөрдү! Жаштан карыга чейин акчанын бийлигине кулдук уруп, ошонун деген-койгону менен жашап калбадыкпы?! Муну бир айтабызбы, миң айтабызбы ошол акча баскан жолдон кенедей да четтебей, четтей албай калдык! Муну баарыбыз билебиз, акчанын жакшылыктан жаңылткан жолун да билебиз... бирок, ага каршы турууга алыбыз жок, кудуретсизбиз?! «Мекен» деген маани азыр салтанаттуу чогулуштарда гана айтылып, мурунку ар кимдин жүрөгүндөгү маани жок болгон. Мына бүгүнкү күнү Россиянын атуулдугун алабыз дегенде ак эткенден так этип, миңдеген доллар пара берип жатышпайбы?! Ошол кыргыздар экинчи кыргыз жеринде жашабайт, балдары да орус болуп бүтөт. Бул дегенди "жанынан тынчына карап Мекенин сатуу" деп коёт?! Кыргыздар кыргыз жеринде туруп эле, жер иштетип мал багып, кен казып дегендей... иштесе, ачтан өлбөйт эле го?! Жалаң эле жаман курсакты тойгузуу үчүн чет жактарга кетип жаткан жок, алар "толгон акча" үчүн кетип жатат, "бай болсом, аябай бай болсом" деп кетип жатат. Анан алардын кээ бири байыйт, бирок, мекенине кайтып келбейт, дагы байыш керек! "Байлык" дегендин өзү аракечтиктей эле, баңгичиликтей эле, күмар оюндарындай эле, бир жабышса кетпечү илдет! Ал айыкпас оору! Жанагы коррупционерлердин баары ошондой ооруга чалдыккандар. Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Сулайманов, Динара Исаева, Элвира Сурабалдиева, Марат Аманкулов, Сайдулла Нышанов, Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Улан Пиримов, Аскар Шадиев, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев сыяктуулар "байлык" деген ооруга чалдыгышкандар. Булардын байлыгы өздөрүнө, бала-чакасына жетишерлик кана болбостон, далай ирет ашып түшкүдөй бар, бирок, дагы эле бирдеме тапсам деп "агуруп" олтурушат. Мына ушуну айыкпас оору дейт! Байлык кууган жогорудагыларды жаман көрбөшүбүз керек, буларга ал оорудан арылтыш үчүн жардам беришибиз керек! Жок, буларга эми эч кандай жардамдын кереги жок, анткени, жардам берем дейсиңби же жокпу, аларга таасир бербейт! Ооба, бүгүнкү турушубузда "Мекен" дегенибиздин мааниси эч нерсеге жарабай турат. Көр оокатка болгон чексиз, ченсиз умтулуу ошол ыйык делген маанибизди жокко чыгарып барат. "Мекеним" деп чын дилден айта да албай калдык?! Эмне кылуу керек? Бул суроого жооп берүүгө да болбойт, туура жообу табылбайт... Мекенди кадимкидей сүйүп туруш үчүн көр оокатты жокко чыгарыш керек. А азыркы заманда көр оокатты турмуштагы алдыңкы орундан алып салуу дегеле ишке ашпачу нерсе! Демек, "мекенибиз" турган жеринде туруп турат го... Ии, турмуш дегениң кандай болгон күндө да өтө берет. Ошондо жылдардын бир жылында ушул азыр "Кыргызстан" деген жер башка бир мамлекеттин жерине сиңип кетип, кыргызың кыйырын таппай калат ко?!

Баратбай АРАКЕЕВ

Булак: Багыт.kg

Последние новости