www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Ниигата жергесинде жашаган 112 жаштагы киши Гиннес китебинин версиясы боюнча, дүйнөдөгү эң каары адам деп табылды. Бул тууралуу  «Российская газета» басылмасы билдирди.

Титэцу Ватанабэ 1907-жылы 5-мартта туулган. Ал бир убакта Тайванда иштеген. Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин мекенине кайтып келген. Ошондон бери мекенинде жашайт.

Титэцу анын узакка жашаганынын сыры күлкүдө экенин айтты. Башкача айтканда жашоого позитивдүү мамиле кылуу.

Мындай жаңылык менен Ватанабэни анын 12 небереси, 16 чөбөрөсү куттуктады.

Белгилей кетсек, буга чейин да эң каары адам япониялык Масадзо Нонака болчу. Ал январь айында 113 жашында каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости