www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевге жиберген кайрылуусунда №1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиевдин бөгөт чарасын караган сотко кылмышка шектүүнүн өзүнүн катышпай калуунун себебин түшүндүрүп берүүнү сураган.

Акыйкатчы 6 миллион кыргызстандыктарды сөгүп, камакка алынган Даниел Ажиев менен жолугушкан. Анда Ажиев Биринчи май райондук соту өзүнө карата сот отурумуна катыштырбай туруп камакта эки айга калтырганын билдирген. Ажиев туугандары анын сотко келбегенинен улам камакта атайылап таякталды деп, саламаттыгына тынчсызданып жатышканын айткан.

Акыйкатчы институтутун маалыматына таянсак, Даниел Ажиев №1 тергөө абагынын жетекчилигине дооматы жок экенин, абакта эч кандай зомбулукка туш болбогонун билдирген.

Биринчи май райондук соту Даниел Ажиевдин бөгөт чарасы качан каралганы жана сотко кылмышка шектүү эмне үчүн катышпагандыгы тууралуу маалымат бере элек.

Ажиев ушул жылдын март айында кармалып, соттун чечими менен 26-майга чейин камакта калтырылган. Ички иштер министрлиги ал Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Ажиев “Инстаграмдагы” баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп, ө миллон кыргызстандыктарды сөккөн. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун да Интернетке тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости