www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова: "Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарынын арасында тарыхый мекенине келүүнү, инвестицияларды жүзөгө ашырууну, саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну, ар кандай турмуштук кырдаалдарда Кыргызстанда болууну жана иштөөнү, ошол эле убакта өздөрү атуулдугун алган өлкөнүн жарандыгынан чыкпоону  каалагандары бар.

Ошол эле мезгилде алар  мигрант болуп чогулткан каражаттарын Кыргызстандагы кыймылсыз мүлккө инвестициялоого кызыкдар болбой койбойт", - деп билдирип жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. 

"Баары бир алыста жүргөн башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерибиз өз урпактары менен Кыргызстандан байланышын үзгүсү келбейт. Ошондуктан алардын Кыргызстанга кайрылып келүүсүнө же келип - кетип туруусуна жагымдуу мүмкүнчүлүк түзгөн “Мекен - карт” документи иштелип чыгат. Бул жарандардын жеке суранычтары болсо 10 жылдык мөөнөткө берилет. Документти даярдоо ишинде жаран өзү жашап турган мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигине кайрылып, арыз жазып калтырса болот", - деп билдирип, аталган мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна  жооп берди. 

Жыйында депутаттар мыйзам долбоорун дагы жакшылап ар тараптан иштеп чыгууну сурашып, долбоор 2-окууга өттү.

Эгер "Мекен-карт" деген статус боюнча мыйзам кабыл алынса, анда тарыхый мекени Кыргызстан болгон, чет өлкөлүк паспорту бар жарандар тиешелүү документи менен бирге "Мекен-картты" көрсөтүп көйгөйсүз эле өлкөбүзгө кире ала турганы айтылды. 

Аталган статусу бар жарандар шайлоого жана шайлануу укугуна ээ боло алышпайт. "Мекен-карт" Россиянын паспортуна ээ болгон кыргыз жарандарга берилиши мүмкүн жана ага акы төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости