www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- "2018-жылдын 11-сентябрында жарык көргөн “Фабула” газетасында жана интернет сайттарга жарыяланган мени Камчы Көлбаев менен жолуккан деген материал чындыкка жатпайт. Аталган макала жана коллаж менин кадыр-баркыма жана мен иштеген системага атайылап көө жапкандык деп эсептеймин. Мен эч кандай шартта макалада айтылган жаран менен жолуккан эмесмин жана ошондой эле аталган маалымат жана коллаж боюнча өз укугумду мыйзамдуу талаада коргой тургандыгымды ачык билдиремин", - дейт милициянын генерал-майору Данияр Абдыкаров.

Эске сала кетсек, "Фабула" газетасы жаңы чыккан санында, өткөн аптада маалымат каражаттарында «кайсы генерал крим төбөл Камчы Көлбаевдин алдында тизе бүктү» деген маалымат таркап, коомчулук ызы-чуу түшүп эле жатып калган. Кайсы генерал экени бизге да табышмак болду.

Изилдөөлөрдүн, иликтөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде, "караларга" тизе бүккөн генерал кадимки Камчыбек Жолдошбаев айтмакчы "ит атар" Данияр Абдыкаров экен. Бул окуя үстүбүздөгү жыддын 4-августунда болуптур, Камчысын мойнуна илип Камчынын астынан өткөнүнө караганда, катуу "косяк" кылса керек.

Өздүк булагыбыздын маалыматына таянсак, ошол жерден генералды сүрөткө да тартып алышыптыр. Бул жоругу менен Абдыкаров милиция кызматкерлеринин намысына доо кетирип, беделин түшүрдү.

Анан ушундай жосунсуз кылыгы менен "УКМКга кирет элем", деп чуркап жүргөнүнө баш чайкабастан башка аргаң калбайт,- деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости