www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Зайырбек Ажыматов, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан атактуу комузчу жөнүндө пикирин айтып, каңырыгы түтөдү. Ачуу чындыкты айткан Зайырбек Ажыматов:

-Кыргыздын нукура рухий дөөлөтүн көтөрүп жүргөн Руслан Жумабаевдей кайталангыс таланттар жумушсуз, наамсыз, акчасыз калып бул дүйнөгө түкүрүп кетип атышат. А силер, урматтуу чоңдор, сыйлыгыңарды той топурдан бапырата акча тапкан, мекениңерди, силер берген мамлекеттик наамды уруп да ойнобогон, моралдык жактан да, материалдык жактан да манчыркап көпкөн популисттердин артынан "алып койчу" деп чуркап жүрөсүңөр. Шоопурга сыйлык бөлдүрөсүңөр. Мугалимдерди эмес, муфтийлерди уккула дейсиңер. Мектептен мечиттерди жогору коесуңар... Мамлекеттик деңгээлдеги маданий саясат деген мындай жүрбөйт, эй. Кыргызда онго жетпеген эле комузчу, онго жетпеген эле манасчы бар... Алардын ар бири кайталангыс. Ар бири өзүнчө килтейген доор. Улуттук маданияттын өзөгүн сактайм десеңер жок дегенде ошол кишилерди көзү барында баалап албайсыңарбы, - деди Зайырбек мырза.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости