www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чаткал жана Ала-Бука райондорунун аралап аккан дарыянын жээктеринен алтын өндүрүү тармагында Чаткал-17 аттуу ишкана иштейт. Жергиликтүү тургундар мекеменин ылай аралаш баткак сууларын өзөндөгү дарыяга агызып жатканына нааразы. Ал эми Ала-Бука районунун жетекчилиги болсо кен казган ишканалардан түшкөн 2 пайыздык пайданы гана ойлобосо, зыянын ойлоор түрү байкалбайт.
Район бийлиги маалымдагандай саркынды суулар ирети менен үч жолу тазалоодон өтүп, тунугандан кийин гана дарыяга кошулушу керек. Кендин ылдыйында жайгашкан Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары суунун булганышы боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Айрым учурларда басым болуп келет.
Айылдын четиндеги жаңы конуштун жашоочулары таза суу жетишсиз болгондуктан булганган дарыядан ичүүгө аргасыз.
“Чаткал-17” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын Жогорку Касан кенинде жалпысынан алтын казууга алты лицензиясы бар. Анын ичинен бешөө 2015- жылы берилип, бирөөнө 2016-жылы ээ болушкан. Бардык казуулар Жогорку Касан кенинде жайгашкан.
Өндүрүш иштерин ишкана 2018-жылы баштаган.
Жапа чеккендердин катарында Терек-Сай айылы да бар. Жергиликтүү тургун Тажыкан Шералиеванын айтымында дарыянын суусун адам тургай малдар ичпей калган. Адамдарда ар кандай оорулар пайда болууда.
Бирок Терек-Сай айылынын тургундарынын баары эле Тажыкан айымдай болуп кендердин кесепетинен болуп жаткан көйгөйлөрдү айта бербейт.Тууган-тушкандары ишканада иштегендер интервью берүүдөн баш тартышкан. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын көзгө илбей, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, алтын чыккан колоттун кожоюну болуп алган “Чаткал-17” компаниясынын жоруктары боюнча Мамэкотехинспекциясына кайрылдык. Алардан дагы жооп алуу оңойго турган жок. Инспекция эскертүү берип, кен казуу иштери жүрүп жаткан 7 блоктун бирөөсүн гана токтотушкан. Калгандарында казуу иштери уланууда.
Төмөндө NewТВ тасмага алган атайын көрсөтүүнү толугу менен жергиликтүү калктын пикирине күбө боло аласыздар.
Булак: NazarNews.kg