www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев жана анын мүчөлөрү 7-апрелде 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүп президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгону жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сиз да Апрель баатыры катары ушул митингге катышасызбы?
- Апрель окуясына жамынып, арбактардын атын сатып саясат жасаганды токтотуш керек. Кыргызстанга эч кандай митинг, ызы-чуунун кереги жок. Ал эми Мээрбек Мискенбаев жакында эле пайда болгон бала. Анын Бакиевдерге каршы кандай эрдик кылганын деле эч ким билбейт. Саясат дегенди түшүнбөйт. Бул бала айрымдардын саясый куралына айланды. Биз ишке киришкенине 4 ай боло элек президентке ар кандай талаптарды коюп митинг өткөрүүгө каршыбыз. Кыргызстанга тынчтык керек.
- Негизи эле элибиз жазгы талаа жумуштарын баштаган маалда ызы-чуу салуу мамлекеттин келечегине кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?
- “Жаздын бир күнү кылымга тете” деген сөз бар. Анын сыңарындай, жазгы талаа жумуштары башталганда элди алагды кылып, коомчулукка бүлүк салганды токтотуу керек. Эми эле ишке киришкен президентке ар кандай талаптарды койгонду токтотсун. Биз да Апрель окуясына катышып кандуу бийликтин огунан жаракат алганбыз. Асылбек Жээнбековдун мандатын да жалпы баатырлардын атынан тапшырууну талап кылыптыр. Мискенбаевге мындай укукту ким берген? Жээнбековдор 20 жылдан ашуун мезгилден бери чоң саясатта жүрөт. Бакиевдерди башын канжыгага байлап коюп Оштон кууп чыккан да ушулар. Алар эч качан эски бийликтин кемчиликтерин кайталабайт.
Булак: NazarNews.kg