www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы экономикалык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу үч ири фактыны таап чыкты. Башкача айтканда, салык жашырууга жана жасалма кошумча нарк салыгын кайтарып берүүгө байланышкан ири коррупциллык байланыштардын бети ачылды.
Бул бети ачылган коррупциялык схемалардын кесепетинен мамлекеттин бюджети жана өлкөнүн экономикасы жалпысынан бир миллиард сомдон ашуун зыян тарткан. Өкмөткө караштуу комиссия кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамсыз чечимдердин негизинде, мамлекеттик бюджетке 847 миллион сомдон ашуун зыян келтирген факты белгилүү болду.
Бирок жасалма документтердин негизинде кошумча нарк салыгы төлөнүп берилген компаниялар жана ошондой чечимдерди кабыл алган жогорку кызмат адамдарынын аттары көрсөтүлгөн жок.
Булак: "Фабула"