www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү долбоорлору чогуу каралып жатат.

КСДП партиясынын депутаты Данияр Аттокуров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин директору Бахтияр Салиевге айыл статусун алуу үчүн канча тургун болуш керектигин сурады.

Анда Бахтияр Салиев 50 киши болуш керектигин айтты. Анын айтымында мыйзамда ошентип жазылып калган.

Депутаттын айтымында, 50 киши болсо айыл статсун алгандан кийин мектеп салынышы керек.

“Тоолу өрөндөрдө кичинекей айылдар түзүлүп жатат. Бул жакта мал багуу менен эле алектенишет. Мисалы, 50 түтүн болсо, айыл статусун алгандан кийин мектеп, фаб салыныш керек. Укрепленияга барышыбыз керек го”,-деди депутат.

Бахтияр Салиев өз кезегинде жакында эле конституциялык комитетте айыл статусун алуу үчүн 500-1000ден кем болбогон тургун болуш керек деген сунуш киргизилгенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости