www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жылдыз Мусабекова өзүнүн Фейсбук баракчасына 8-мартта митинг уюштургандар кылмыш жообуна тартылсын деген пикирин жазып чыкты.

"Йопту кашкалар...

...Сөз түшүнбөгөн акмактар көп экен. Акча десе ата, энесинен аша чаба турган жаш улан, кыздар козу карындай жайнаптыр!

...Эй, маңкурттар!

...Билбегенге бир митинг өттү кызыл, тазыл желек көтөргөн! "Эмне болду?" деп ырсактабагыла?!

...Билгенге улуттун уңгусуна сокку согулду. Кыргыз элинин келечегине балта урулду, кылычы кыя чабылды...

... 10-20-миллион саны бар, бирок, мамлекети жок канча улуттар бар. Биз алакандай элбиз, Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз бар!

...Ошо мамлекетибиздин борбордук аянтында гейлердин парады өткөнү бул маскарачылык, маңкурттуктун жеткен чеги.

...Гейлерди ким уюштурду, кимге каршы, кандай максат менен?

...Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып келаткан тарыхына, үрп, адатына, салтына, бүтүндөй баалуулуктарыбызга, ата, бабалар мурасына сасыктарды сайрандатып, тебелеп, тепсеттирдик!

...Кыйын күндө өз баласынын башынан кечип, өрөөндүн элин сактап калган датка энебизди мазакташты. Кыргыз элинин энелеринин көөдөндөрүнө түкүрүштү.

...Аялзат укугу деп коюшат, аялдан айлангырлар. Кыргыз кызын эч качан кордогон эмес. Ат жалы менен тең жарышып, тоо койнунда эркин өскөнбүз. Силердин гейлерди кейкейтип, лесбилерди лекилдетип тизип алган укугуңарды урганыбыз да жок.

...Өтө өкүнүчтүү, түндөтөн бери гейлердин, лесбилердин, анын ичинде аттуу, баштуу аялдардын командалары кыргыз жөнүндө эмне деп гана жазган, айткан жок. Өңчөй киргиздер чогулуп алып кыргыздын кымыз, айыл, кыргыз жыттанган уул, кыздарын "мырк, тупоголовые, колхоз, мрач, срач, необразованные тупые" деп ооздорунун отуз эки тишин көргөзө каткырышты.

...Мамлекет жалгыз! Кыргыздын кырына кырчоо, белине белбоо болом деген интеллигенция жок экенине ынандым. Жалтактабай өз оюн так айткан бир гана эл болуп атат.

...72 жашка чыккыча мамлекеттин акырынан жем жеген Жекшеев жок дегенде үн да чыгарбады. Аялга гана алы жеткен арсыздар көп экенин көрдүм.

...Мен өкмөт жетекчилеринен, укук коргоо органдарынан талап кылам. 8-мартта митинг уюштургандар кылмыш жообуна тартылсын!

...Бир жыныстуулар биригип алып Батышын көздөй кете берип, Кыргызстаныбызды сасыктарынан арылтсын!

...Улутка сокку урулуп атканда урматтуу уулдарыбыз, кымбаттуу кыздарыбыз башыңарды коңулга катпай катарга кошулгула!

...Батыштын акчасына алдангандардын арабасына түшүп, бир жыныстуулар мыйзамын Кыргызстанда кабыл алынуусуна тикеден тик каршы туралы!

...Ойгон кыргыз! Бүгүн кеч, эртең абдан кеч болуп калат!", - деп жазган Жылдыз Мусабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости