www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Сыдыков:

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстанда былтыр жай айларында коронавирус күчөп турганда чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроолорго жооп берди.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет жетекчилери жана эл аралык уюмдар менен гумжардам алуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун жазды.

Данияр Сыдыков жардамдар кийин Кыргызстандын ичинде кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча маалыматы жок экенин, ишти башка мамлекеттик органдар жасаганын жана өзү да коронавирус болуп ооруганда дары таппай кыйналганын билдирди.

«Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм да коронавирус жуктуруп, илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатканга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «Гсын» да көргөн жокпуз».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости