www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги чөйрөлөрүн камтыган 35 маселени карашты. Алардын алтоо талкуусуз кабыл алынды. Күн тартибинин негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө, анын ичинде санариптик күн тартибине, техникалык жөнгө салууга, мамлекеттик сатып алууларга жана статистикалык кызматташтыкка арналды.
Атап айтканда, ЕАЭБдин Интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн учурдагы натыйжалары жана келечеги жөнүндөгү баяндаманы жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул система мүчө мамлекеттердин сапаттуу санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин жалпы процесстерин ишке ашырууда негизги ролду ойной турганы баса белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча баяндама Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында андан ары кароо үчүн жөнөтүлдү. ЕЭК Кеңеши 2026–2030-жылдарга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин программасынын долбоорун жактырды. Документ жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү, тиешелүү ведомстволордун ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана ченемдик базаны шайкеш келтирүү боюнча чаралардын комплексин карайт.
Мындан тышкары, 2026–2030-жылдарга ЕАЭБдин статистика тармагында интеграцияны өнүктүрүү программасы жактырылды. Документти ишке ашыруу статистикалык маалыматтардын салыштырмалуулугун жогорулатууга жана бүткүл Биримдиктин масштабында маалымат чогултуунун методологиясын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Тараптар техникалык жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Бажы союзунун "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 019/2011) киргизилген өзгөртүүлөр каралды. Түзөтүүлөр коргоо каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата талаптарды тактайт, жөнгө салуу объекттеринин тизмесин кеңейтет жана регламенттин түшүнүктүк аппаратын актуалдаштырат.
Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуулар үчүн товарлардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо механизмдерин талкуулашты. Улуттук эрежелердин күчүнө кирүү мөөнөттөрүн синхрондоштуруу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай продукциясында колдонулган программалык камсыздоонун келип чыгышын тастыктоонун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча ишти улантуу пландаштырылууда.
Жыйындын жүрүшүндө кондитердик азыктардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө чечим колдоого алынды. Кабыл алынган чечимге ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер өз аймактарында маркалоону киргизүү мөөнөттөрүн жана тартибин өз алдынча аныкташат жана бул тууралуу ЕЭКке аны колдонуу башталганга чейин кеминде алты ай мурда билдиришет. Бул товарлардын изин табууну камсыз кылууга жана рынокту контрафакттык продукциядан коргоого мүмкүндүк берет.